Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн 50 миллион доллар насыя алат

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Евразиялык өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар насыя алат. Тийиштүү келишимге Евразиялык өнүктүрүү банкынын жетекчиси Андрей Бельянинов менен фонддун төрагасы Эркин Асрандиев 21-февралда кол койгонун банктын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, насыянын мөөнөтү 5 жыл.
Ал каражат Кыргыз мамлекетиндеги инвестициялык долбоорлорду каржылоого жумшала турганы айтылды.

Айта кетсек, аталган фонддун уставдык капиталы 500 миллион доллар. Фонд кыргыз мамлекетинин экономикасынын приоритеттүү секторлорунда, анын ичинде агрардык өнөр жай комплексинде, кийим тигүү, текстиль жана иштетүү өнөр жайында өзүн-өзү актаган долбоорлорду каржылайт.

Ал эми Евразиялык өнүктүрүү банкынын туруктуу капиталы 7 миллиард долларды түзөт. Түзүмдүн негиздөөчүлөрү Орусия, Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргыз мамлекети жана Тажикстан өлкөлөрү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан