Баткен облусунун тургуну Тажикстанга мыйзамсыз өтүп баратып кармалды
Баткен облусунун Ак-Сай аймагындагы Кыргыз-Тажик чек арасынан мыйзамсыз өтүп бараткан жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, кармалган жаран өткөрмө пункттан эмес, белгиленбеген жерден өтүп Тажикстандагы туугандарынан кабар алууну максат кылган. Ал Баткен районундагы Достук айылынын 35 жаштагы А.К. аттуу тургуну болуп чыгып, ага айып салынды.
Чек арачылар тарабынан тийиштүү документтер толтурулган соң ал УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлеринин колуна өткөрүлүп берилди.