Жогорку Кеӊештин депутаттары Руслан Казакбаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аалы Карашев, Мирлан Жээнчороев, Алмазбек Баатырбеков кечээ, 21-февралда Европа кеӊешинин Венеция комиссиясынын аймактык кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчысы Сергей Кузнецов менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки тарап кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты. Жолугушууларга Венеция комиссиясынын долбоор тескөөчүсү Зара Гаспарян, Венеция комиссиясынын электрондук реформа боюнча долбоорунун улуттук узак мөөнөттүү консультанты Гүлмира Маматкеримова катышты.
Кыргыз мамлекетиндеги парламенттик жана президенттик шайлоолордун жүрүшү, саясий партиялардын, анын ичинде фракциялардын абалынан кеп салган Мирлан Жээнчороев "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзам бир топ жыл мурда кабыл алынгандыктан, моралдык жактан эскирип калганын, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы бар экенин белгиледи.
Депутат Аалы Карашев өлкөдөгү азыркы өзгөрүүлөр менен турмуш талабын эске алуу менен "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамдын жаӊы редакциясын иштеп чыгуу талапка ылайык келерин кошумчалады. "Мен азыр иштеп жаткан мыйзамдын иштеп чыгуу жүрүмүнө катышкан эмесмин. Эгерде мыйзамдын жаӊы редакциясын иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлүп калса, жумушчу топтун курамында иштешүүгө даярмын", - деди ал.
Ал эми Венеция комиссиясынын аймактык кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчысы Сергей Кузнецов Кыргыз мамлекетинде саясий абал кыйла турукташып калганын, өлкө өзү тандап алган парламенттик демократия жолунда баратканын, мыйзамдык базаны андан ары өркүндөтүү жана реформаларды улантуу зарылдыгын белгиледи. "Европа кеӊеши Кыргыз өлкөсүн Борбордук Азиядагы өз өнөктөшү катары тааныйт. Венеция комиссиясы да Кыргыз мамлекетинин бийлик бутактарына, анын ичинде Жогорку Кеңешке мындан ары да укуктук жактан көмөк көрсөтө берет", - дейт Сергей Кузнецов.