Кечээ, 21-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Керезбеков менен Европа биримдигинин Борбор Азиядагы өкүлү Петер Буриан жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Европа парламенти менен Жогорку Кеңештин кызматташтыгын арттыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө менен укук үстөмдүгүн орнотуу жаатында тажрыйба алмашуу тууралуу сөз болду.
Депутат Канат Керезбеков парламенттик-демократиялык багытта өнүгүүнү көздөгөн Кыргыз мамлекети Европа биримдиги менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. “Жогорку Кеңеш адам укугун коргоо, таза шайлоо системин калыптандыруу, сот реформасын аягына чыгаруу сыяктуу бир катар артыкчылыктуу багыттарда түзүлгөн өнөктөштү улантууну көздөйт”, - деди Керезбеков.
Өз кезегинде Петер Буриан Европа биримдиги Кыргыз өлкөсүн Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөш катары тааный турганын белгилеп, эркин коомду куруу багытында жасалып жаткан иштерди колдоого даярдыгын кошумчалады.