Бишкек шаарынын айрым аймактарында 5 күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-февраль күнү SUPER.KG порталына "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, оңдоо иштерине байланыштуу шаар тургундарына жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.
"26-февралдан 2-мартка чейин Чүй кең көчөсү менен Путепроводный, Т.Айтматов, Фрунзе, Курманжан датка жана Шабдан баатыр, Салиева, Лермонтов, Ленин жана Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде, Жеңиш жана Ленин кең көчөсү менен Лермонтов жана Чыгыш көчөлөрүнүн кесилишинде, Жибек Жолу менен Курманжан датка, Лермонтов, Чоң Чүй каналы көчөлөрүнүн кесилиши, Бишкек ЖЭБ, "Тянь-Шань керамик" заводунда көгүлтүр от берүү убактылуу токтотулат. Ал эми 27-февралдан 1-мартка чейин Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов, Фрунзе жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакта газ берүү убактылуу токтосо, 1-2-март күндөрү Орозбеков көчөсүндө жаратылыш газын берүү токтотулат", - деп билдирди басма сөз кызматчы.