Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев "Ош базарында" өрттөн жабыркагандарга жардам берилбестен коркутуулар болуп жатканын айтты. Депутат өкмөттүн өкүлүн жана Жогорку Кеңештин төрагасын бул маселеге көңүл бурууга чакырды.
"Ош базарында" бүгүн миңге жакын адам жумуш орунсуз калды. 300дөн ашык соода орундары өрттөнүп кетти. Бир эле орунда 3-4 адам иштейт. Анткени бирөө товарын алып келип, экинчиси сатып, дагы бири башка жумуштары менен алек болот. Ошондо миңге чукул адам жумушсуз калды. Бийликтегилер жабыркагандарга "арыздансаңар силерге компенсация бербей коёбуз" деп коркутуп жатышыптыр. Ошол жердеги карапайым эл азыр коркуп арызданбай жатат. Бул боюнча мага 30га жакын арыз келип түштү", - деди Жолдошбаев.
Эскерте кетсек, 30-январда эртең мененки саат 9:48 чамасында Бишкектеги "Ош базарында" өрт чыгып, кечки саат 18:29да толугу менен өчүрүлгөн. Өрт жалпы "Сейтек” жана “Берекет плюс” кичи базарындагы соода орундарын каптап, анын аянты 3 500 чарчы метрге жеткен.