Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков эл өкүлдөрүн Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады.
"2004-жылга чейин 23-февраль майрам катары белгиленчү эмес, иш күнү болуп келген. Бирок ошондой болсо дагы эркектерди жоокер катары куттуктап келишкен. Бул күнгө карата жер-жерлерде ар бир мектептерде, окуу жайларда атайын иш-чаралар, сынактар, көргөзмөлөр уюштурулуп келет. Бирок жасалып жаткан иш-чаралар патриоттук багытта жакшы чагылдырылбай жатат. Бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, жаш өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө үйрөткөн тарбия берүү керек", - деди депутат.