Өкмөт: "Аксыда Ак-Терек каналын өткөрүү үчүн тоннель курулууда"

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Ак-Терек каналынын курулушу башталды. Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги өкүлү Ашырбек Темирбаевдин айтымында, каналды курууга 2018-жылга 80 миллион сом бөлүндү. Азыркы тапта каналдын курулушунун алкагында тоннель жасалууда.

Жогорку Кеӊештин өткөн аптадагы жыйынында Суу чарба департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев Ак-Терек каналын курууга 2018-жылга 100 миллион сом бөлүү пландалып жатканын айткан. Аталган каналдын курулушу үчүн 2017-жылы 150 миллион сом бөлүнгөн.

Ак-Терек каналы 21 жылдан бери курулуп бүтпөй жатат. Курулуштун 1-этабы 1996-жылы башталган. 2013-жылы өкмөт каналды 2014-жылы куруп бүтүрүүнү убадалап ишке аша элек. Канал ишке кирсе Кербен шаарынын, Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Авлетим айыл өкмөттөрүнүн миңдеген гектар айдоо жерлери сугат талаасына айланмакчы. Каналдын жалпы узундугу 7,5 чакырым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bek.94
2018-02-22 11:17:32
Жакшы жаңылык.
0
egiz-jigit
2018-02-22 11:19:57
Аябай жакшы болмок суу Озбекстанды аралабай 100% озубузго келет
0
aerforce
2018-02-22 14:18:50
ошол жерде сары жайык деген жер кургап жатат келсе аябай сонун болот коон дарбызга толуп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан