Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда өрүктүн ширесине ууланган балдардын дагы бири чарчап калды. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, кечээ, 21-февралда Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 жаш 2 айлык бала чарчап калган.
"Тойго баргандар үй шартында жасалган шире ичип ууланышкан. Абалы жакшы болуп калгандары үйлөрүнө чыгарылып отуруп, 6 адам калган болчу. Кечээ, 21-февралда алардын бири, 2 жаш 2 айлык бала чарчап калды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Белгилей кетсек, 12-февраль күнү түштөн кийин Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында тургундар өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылышкан. Уулангандар тамактанган М.К. аттуу тургундун үйүнөн тамактын калдыктары экспертизага алынган. Ошондой эле алардын үйүндөгү кышка даярдалган 45 банка ар кандай азык-түлүктөрдү экспертизанын жыйынтыгы толугу менен чыкмайынча колдонууга тыюу салынган.
Кийин оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган балдардын бири 17-февралда чарчап калган.