1 тонна беш бармак жана 100 метр чучук "Ала-Тоо" аянтында жасалбайт

5-март - Ак калпак күнүнө карата 1 тонна беш бармак жана 100 метр чучук жасалып, өтө турган иш-чаранын кайсы жерде боло турганы азырынча белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда SUPER.KG порталына аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева билдирди.

Кулуеванын айтымында, пландалган иш-чара өткөрүлөт, бирок учурда беш бармакты бышыра турган жай белгисиз.

"Биз Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү менен жолуктук. Алар "Ала-Тоо" аянтынын статусуна ылайык, 3-4 жылдан бери тамак-ашты даярдап, таратууга тыюу салынганын түшүндүрүштү. Аны биз туура эле кабыл алдык, анткени мыйзамды сыйлашыбыз керек. Биздин иш-чара шаардын тургундарына тоскоол болуп, ыңгайсыздыкты жаратпашы керек. Учурда алар сунуштаган жайларды кыдырып, таанышып жатабыз. Негизги максат бул улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен "Гиннесстин рекорддор китебинин" тизмесине кирүү болгондуктан, тасма тартууга ылайыктуу жайды издеп жатабыз. Андан сырткары ал жерге 5 миң адам бата тургандай болуш керек", - дейт Кулуева.

Айта кетсек, өлкө аймагында 5-март - Ак калпак күнү 2016-жылдан бери расмий белгиленип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
aerforce
2018-02-22 14:08:57
жакшы бирок ысрапчылык болбойбу? ошонун акчасын чогултуп акчага муктаж болгон операция жасаталбаган уйбулолорго берсе болбойбу? эми жасап жатыпсынар бутундой чондор акчалуулар жебей бей бечераларга бергиле эми
-11
Kaninaiman
2018-02-22 15:22:36
aerforce,ысырап болбойт ошол тамагын жетим жесир карылар уйуно таратса сооп болоткоо
+7
aiba.8327
2018-02-22 14:09:30
Биз жакка келгиле Ала Тоо болбосо Ак Ордо 3 бош жерлер бар....
+10
adidas.08
2018-02-22 14:32:37
озбекистанды дуурайт экенбизда
-14
grace
2018-02-22 14:41:46
adidas.08,эмнеге туурайбыз. Дүйнө жүзүндө толгон -токой мамлекет ушундай иш-чара өткөрөт. Биз да ошолордун катарында өткөрөбүз. Эң жакшы жаңылык! Азаматтар!
+8
TazaKyrgyz
2018-02-23 00:50:59
adidas.08,жок!Туурабайбыз!
+1
ruskarakol
2018-02-22 15:03:38
кайран Кыкелер элди туурап журуп отот экенсинер го.
адан коро мумкунчулугу чектелген балдарга ошого кеткен каражатты которсонор эмне деген сооп алат эленер.
-9
Azatbek83
2018-02-22 15:14:15
Баткенде кенен жерлер коп ошол жакта жасагыла!
+7
zhykyo
2018-02-22 15:33:55
Ала-Тоого аянтына эле болсо сонун болмок кенен жер го
0
Ayida
2018-02-22 15:58:50
Рас болуптур оорун табылбасын бул майрам учун эмес жонокой кун деле жасап каарылар жетимдер уйуно бербейт беленер. Эл корсун кылып чыгым кылып озунорчо авторитет кармабай рекордд дей бербей
-1
orxidey
2018-02-22 17:10:09
Бирок баарынар туура айтасынар, мындай иш чара сосуз откоруу керек ,башка олкону тууро эмес ар бир мамлекеттин озунун улутук тамагын даназалоо болотго дейм.
+3
Shakek
2018-02-22 19:25:25
Жасаш керек мен колдоймун
0
nurbekasr
2018-02-22 19:57:09
Кара кулжага келип жамагыла бош жер бар.
0
Mikra
2018-02-22 21:21:13
Пригородныйга Умут конушуна келип жасагыла
0
Birimdik5555
2018-02-23 02:01:46
Ошто жасагыла биз деле коройлу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан