Бүгүн, 22-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмоновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечиминде белгиленген аталган кызматтын алдында турган коррупцияга каршы чаралар жана тапшырмалар талкууланды.
Мамлекет башчысы кызматка экономикалык кылмыштарга каршы аракеттенүү боюнча милдеттер жүктөлгөнүн айтты. Президент билдиргендей, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жетекчилиги, айрым катардагы кызматкерлер дагы жетишсиз чараларды көрүп жатканын белгиледи.
"Кылмыш иштери ишкерлерге кысым жасоо, алардан акча доолап алуу максаты менен козголуп жатканы боюнча фактылар бар. Жарандардан жана таза иштеген ишкерлерден силердин кызматкерлердин мыйзамсыз иш аракеттерине болгон арыздар токтобой келет. Ошондой эле чакан жана орто ишкерликтин таза иштебеген өкүлдөрүнүн иштерин жашыруу фактылары дагы бар", - дейт Жээнбеков.
Мамлекет башчы контрафакт спирт ичимдиктерин өндүрүү жана сатуу, жашырынып иштеген кумар оюндар жайларын аныктоо, аймактарда күйүүчү майларды аткезчилик жолу менен ташуу фактыларын алдын алуу боюнча жетишсиз жумушун белгиледи. Ошону менен катар эле Жээнбеков бул багыттагы ишти күчөтүүнү талап кылды.