Экономика министри: "2017-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 493 миллиард 3 миллион сомду түздү"

"2017-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 493 миллиард 3 миллион сомду түздү", - деди бүгүн, 22-февралда өкмөттүк жыйында экономика министри Артём Новиков.

Ал өткөн жылга карата 494 миллиард сом ички дүң продукциясы божомолдонгонун, бирок иш жүзүндө бул 98,8 пайызга аткарылганын билдирди.

Министр божомолго карата көрсөткүчтөрдүн жетишсиз болуп калышына ички жана тышкы факторлор таасир бергенин айтты. Тышкы фактор катары 2017-жылы дүйнөдө экономикалык өсүштөр мурдагыдан жай болуп, 3 пайызга өскөнү байкалганы айтылды. Анын ичинде Кыргыз мамлекетинин негизги өнөктөштөрү болгон Орусияда 1,5, Беларуста 2,4, Казакстанда 4 пайызга экономикалык өсүш болгон.

Ал эми жаңы соода алакалары жандана баштаган Өзбекстан менен товар алмашуу 310 миллион доллардын тегерегинде жүргүзүлгөн. Тажикстан менен соода-сатык алакалары 36,9 пайызга аткарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
century
2018-02-23 00:16:25
А жакшы, чиновниктердин бизнеси менен да баары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан