Жээнбеков "чык, эшикке" деп жыйындан чыгарып жиберген жетекчини Сапар Исаков жумуштан алууну чечти

Бүгүн, 22-февралда өкмөттүн жыйынында бир катар өкмөт мүчөлөрүнө сөгүш жана эскертүү берилди. Өкмөт башчы Сапар Исаков вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин сунушун колдоп, бардык кемчиликтерди жоюу үчүн тиешелүү аткаминерлерге июнь айына чейин убакыт бериле турганын айтты. Сунушка ылайык, архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге сөгүш, финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Шамшиев Абдухалыкка сөгүш берилди. Маалымат берүүдө, коррупциялык иш-аракеттерге бөгөт коюуда натыйжа көрсөтө албаган кызмат адамдарына эскертүү берилди.

Эскертүү алгандар:

1. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев,

2. Юстиция министри Уран Ахмедов,

3. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов,

4. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов,

5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев,

6. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Азамат Эркебаев.

Сапар Исаков эскертүү жана сөгүш алган жетекчилерге, өз тармагын жолго коюу үчүн убакыт бериле турганын айтты.

"Иш толук аткарылбай жатат. Бул абдан туура сунуш, бул чечимди кабыл алышыбыз керек. Мен өзгөчө ушул жетекчилерге айтат элем, иш жолго коюлбаса бул адамдарды жумуштан бошотобуз. Эгер иштей албаса, натыйжа чыкпаса анда кармап эмне кылабыз? Мен карап чыктым, жөнөкөй аткарылбай калган жумуштар бар. Мен бул сунуштарды колдойм”, - деди Исаков.

Өкмөт башчы Сапар Исаков архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге экинчи ирет сөгүш берилгенин негиз кылып, ага июнь айына чейин убакыт бериле турганын айтты.

"Эмне үчүн жумушка мындай көңүл кош мамиле жасалып жатат? Бул күлкүлүү эмес. Мекемеде эмне болуп жатат? Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду (ред: Жээнбеков жыйындан чыгарып жиберген кызматкер) жумуштан бошотуу боюнча сунушту мага алып келгиле. Силердин мекемеге карата калктан арыз, даттануулар абдан көп. Анын баарында коррупция жөнүндө сөз болуп жатат. Чечкиле, статс-катчынын да кызмат ордун карап көргүлө", - деди Исаков Мамкурулуштун башчысы Бактыбек Абдиевге кайрылып.

Эске салсак, өткөн жылдын июнь айында ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жаратылыш кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иштери талкууланып жаткан кеңешмеден Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду даярдыксыз келгени үчүн жыйындан чыгарып салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Ermekbai
2018-02-22 18:48:39
Супер инфо. Теманы таап коюпсуңар. Суперсиңер. Ыраазычылык.
+5
taalay25
2018-02-22 19:48:28
Шопурдун кадрлары чекеден согуш алган го. Пландык иш тартибиндеги согуш болбой эле кландык согуш окшойт. Не болсо да оз кесибин мыкты билгендер келсе!
+7
century
2018-02-22 20:09:46
Ошондо эле алыш керек болчу эркелетпей.
-1
33SUUN
2018-02-22 20:13:09
Жакшы иштеп жатат Исаков.
+6
Aidar151080
2018-02-22 20:24:36
Азаматсыз, Жээнбеков жумушун так аткара албагандардын баарын жумуштан ыргытсаңыз. КЫРГЫЗСТАН га саналуу эле депутат жетет болчу.
+10
didu
2018-02-22 20:35:58
Шоопур капа болду окшойт
+2
Totyua.71.
2018-02-22 22:57:00
Туптуура ! Азаматсын!Иштин козун билгендерге орун беришсин!
+4
Soni130587
2018-02-22 23:22:26
Кийинки парламенттик шайлоого 60 эле депутат келсе эн туура жол болот эле.
+2
century
2018-02-23 00:44:01
Soni130587, анда Кыргызстан онукпой калат кайра 50 дой депутат кошуш керек (120сы биригип жонокой маселени туура чечишпейт эмнеге мындай себеби аздык кылышат депутут канчалык коп болсо Кыргызстан ошончолук тез онугот керек болсо ар бир 5 6 үйдөн бир депутат чыкса жаманбы, тез эле онугуп кетет)
+1
namys
2018-02-23 03:46:00
Самат Борубаев-бул инсан Улуу урматтуу Илмиянов Икрамжандын кадры. Андыктан колунардан эч нерсе келбейт. Икрам Авам Самат Борубаевди статс-секретарлык ордуна бетондоп койгон.:)
-1
fantomas
2018-02-23 07:15:43
Карасам баарын эле кошомат кылып Сапар менен Сокени мактап баштадын, тиги экоо тоону томкоруп пайдалуу иш жасап койгонсуп... Согуш берген болсо, ал согуш эшикке жетпей жатып унутулат. Элдин бийликке нааразычылыгы кун санап осуп жаткан учун ошол кадамга барып жатат. Жыйында согуш берип, жыйын буткон сон колтукташып барып чай ичишет буларын.... Ал эми силер мактап отура бергиле кошомат кылып....
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан