СУПЕРСТАН: "Мырзалар да сюрприз күтүшөбү же бул аракет аларды кыжырдантабы?

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мырзалар да сюрприз күтүшөбү же бул аракет аларды кыжырдантабы?" деген тема талкууланган. Анда автор: "Мени кызыктырган нерсе - мырзаларга сюрприз жасоо туурабы? Дегеним, мен жолдошумду таң калтыргым келе берет, бирок ал өзү романтикадан алыс болгону үчүн бир аз чочулайм. Эжелер, сиздер жолдошуңуздардын көңүлүн кантип аласыздар? Байкелер, сиздер сүйүктүүңүздөрдөн өзгөчө белек күтөсүздөрбү?" - деген суроосун калтырган.

Колдонуучулардын билдирүүлөрүнөн:

"Бардык эле адам сюрпризди жакшы көрсө керек. Мен өзүм аны күтпөй, тескерисинче сюрприз жасаганды жакшы көрөм. Ушул убакка чейин көп эле сюрприздерди жасагам, бирок бир жолкусу аябай өкүнүчтүү аяктагандыктан кийин жасабай дагы калдым".

"Жакшы көргөн адамың сюрприз кылса сонун да".

"Айымдар, силерчелик берилип күтпөйбүз. Күтүлбөгөн жерден белек берип жатса эмнеге сүйүнбөйт экенсиң, укмуш эле жыргап калам. Азыркыга чейин 7-8 жолу алгам, эсимден кетпейт. Жолдошуңуздун мүнөзүн билбей туруп бир нерсе дей албайм. Айтайын дегеним, майдачылыраак болсо, "мынча акчаны кайдан алдың, ким берди" же болбосо "ушунун ордуна мындай алсаң болбойт беле" деп коюшу мүмкүн. Бирок баары бир берип көргөнүңүз жакшы деп ойлойм".

"Жумуштан курсагың ачып келсең, бултуйган манты кылып күтүп алса. Ох, мына ошол сага сюрприз го".

"Менин күйөөм сюрприз, андай-мындай нерселерге кызыкпайт, түз эле жүрө берет. Мен дайыма күтөм, "сюрприз деген бар, мага да жасачы" деп айтам. Бүгүн ага жынсы шым алып кечинде келгенче коюп койсом, аябай сүйүндү, мени да кубандырды. Эркектерге деле сюрприз жагат окшойт деп ойлоп калдым".

"Албетте, жагат, андайга көнбөгөн эркектер деле бара-бара ошондой нерселерге жакын болуп калышат. Күтүлбөгөн жерден сюрприз болуп жатса, кубанып каласың го жаш баладай".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
NURTILEK_KG
2018-02-22 18:45:45
Менин оюмча бардык эле адамга сюрприз жагат ошо адамга жага турган кылсаң.
0
century
2018-02-23 00:37:56
Мырзалар деле ар турдуучо, айымдар деле ошондой болсо керек. Бирок шариятта да бар бул нерсе. Жарашыктуу кылып берсе кимге жакпасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан