Сапар Исаков сырттан келген каражаттарды өздөштүрө албайсыңар деп төрт министрге сөгүш жарыялады

Бүгүн, 22-февралда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сапар Исаков сырттан келген каражаттарды өздөштүрө албаганы үчүн бир канча министрлерге жана жетекчилерге сөгүш жарыялады. Өкмөт башчы: "Жардам жана башка жолдор менен келген каражатты өздөштүрүүдө Жогорку Кеңеште бир жылдап ошол процедуралардан өтө албай жүдөп жүрөсүңөр", - деп нааразы болду. Ал сөгүш берилген жетекчилерге июнь айына чейин гана кемчилигин жоюуга мүмкүнчүлүк берилерин айтты.

"Каржы министри Адылбек Касымалиевге эскертүү жарыялансын. Мындан тышкары экономика министри Артём Новиковго, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге, жергиликтүү башкаруу жана этникалар аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бактияр Салиевге, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловго сөгүш берилет. Силерге өз тармактарыңардын ишин жакшыртууга июнь айына чейин убакыт берилет", - деди Исаков.

Өкмөт башчы көрсөтүлгөн убакытта жыйынтык талап кылынарын, аткарылбаса чара көрүлөрүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gute
2018-02-22 19:08:43
Азаматсын С. Исаков так держать
+9
elkeev
2018-02-22 19:10:13
Jakshy kylasyn Sapar!
+6
Tansuluu09
2018-02-22 19:13:08
Буйруса нормально иштеп беретко)
+6
Tynybek1989
2018-02-22 19:24:04
Согуш жарыяласа онолор бекен.катуураак жаза колдонбойбу же штраф,же 5 6 айлыгын чыгарып алсын дегендей.коробузго ынсаптуусуна согуш да жетер а бирок ынсаптуу адам согуш укпаса керек эле.........
+9
NURTILEK_KG
2018-02-22 20:47:35
Tynybek1989,5 6 айлыгын алгандан көрө аларга сөгүш жарыялаган катуу тиет.адамдарга уят болот.ошон үчүн туура эле кылган сөгүш укту деген жаманда чоңдорго.
-2
century
2018-02-22 20:06:52
Миллиондогон акчаларды туура жакка пайдаланбагандарга сөгүш жарыялап койот имиш а тукум уурдаган бейчара кеминде 4 жылга кесилет. Бул жакта кыйналып жашап жаткан эл менен иштери жок. Согуш жарыялабай туруп сразу иштен айдаш керек го мындайларды, эмне кереги бар акчаны туура жака пайдаланбай өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон чиновниктердин.
+4
kamchatka
2018-02-23 05:31:19
Молодчина Сапар Соорон экоон кыргыздын купулуна толгудай жумуш жасагылачы сураныыч!
0
fantomas
2018-02-23 07:17:59
Карасам баарын эле кошомат кылып Сапар менен Сокени мактап баштадын, тиги экоо тоону томкоруп пайдалуу иш жасап койгонсуп... Бийлик акча толоп берсе Гулчотайлары мактайт да анан....

Согуш берген болсо, ал согуш эшикке жетпей жатып унутулат. Элдин бийликке нааразычылыгы кун санап осуп жаткан учун ошол кадамга барып жатат. Жыйында согуш берип, жыйын буткон сон колтукташып барып чай ичишет буларын.... Ал эми силер мактап отурасынар, как будто чон иш жасап койгонсуп..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан