Бүгүн, 22-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Казакстанда аткезчиликке, уюшкан кылмышка шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулуна байланыштуу күдүктүү маалыматтар пайда болду. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен Кыргыз Тышкы иштер министрлигине депутат казак жараны экендиги тууралуу расмий маалымат келип түштү. Мындай нота чын эле келгендигин Кыргыз ТИМинин башчысы Эрлан Абдылдаев да ырастады.
Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Алматыдагы атайын операциянын жүрүшүндө кармалган Дамирбек Асылбек уулун колдоого чакырып, атүгүл коңшу өлкөгө кайрылып, аны соттун чечимине жеткирбей Кыргыз мамлекетине өткөрүп алуу керек деп чыкты. Арадан саналуу сааттар өткөн соң бул чакыруу өз актуалдуулугун жоготуп, Дамирбек Асылбек уулунун Кыргыз жарандыгынан тышкары Казак жарандыгы да бар экендиги тастыкталды. Бул саналуу күндөрдүн ичинде Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандатынан да ажырайт дегенди билдирет. Баш мыйзамдын 73-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары жарандыктан чыкканда же болбосо башка өлкөнүн жарандыгын алган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Эске сала кетүү керек, Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышынын гана эмес, IV чакырылыштын да депутаты болгон. Учурда “Кыргызстан” фракциясынан болсо, мурдагысында “Ак жолдун” атынан эл өкүлү болгон.
Депутаттын Казак жарандыгы кайдан чыкты? Дамирбек Асылбек уулу 2001-жылы Монголияда болуп өткөн күрөш боюнча Азия оюндарында Казакстандын атынан катышкан жана анда күмүш медаль жеңип алган. Интернеттеги социалдык тармактарга 1990-жылдагы басылмалардын архиви жана 2000-жылдардагы мелдештерден видеолор жарыяланып, депутаттын төрөлгөндөгү аты-жөнү Динарбек Супатаев болгондугу, ал эми коңшу өлкөнүн жарандыгын Динарбек Асылбек уулу деген ысым менен алганы ачыкка чыгууда. Ошондой эле Дамирбек Асылбек уулу азыркы өмүр баянында көрсөтүлгөндөй 1981-жылы эмес, 1979-жылы төрөлгөнү айтылууда. Эки жылга “жашарып” калуусуна Казак өлкөсүнүн атынан кадеттик жарыштарга катышуусу себеп болгон делет. Ал эми мындай мелдештерге 16 жашка чейинкилер гана катыша алат.
Коңшу өлкө контрабандага шектелип кармалган адамдын Казак жарандыгы бар экендигин эмне үчүн эми гана айтып жатат? Дамирбек Асылбек уулунун Алматыда атайын операциянын жүрүшүндө кармалгандыгы 16-февралда белгилүү болгон. Андан бери дээрлик бир апта өттү. Бул аралыкта адегенде Жогорку Кеңеш жана анын төрагасы бул окуяга аралашпай тургандыгын билдирди. Кийинчерээк ошол эле “Кыргызстан” фракциясынын өкүлү болгон спикер Дастанбек Жумабеков Казакстандын Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулинге кат жолдогону айтылды. Анда Дамирбек Асылбек уулу менен Жогорку Кеңештин депутаттарын жолугуштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылган. Ал эми бүгүн Казакстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигине нота жиберилгендиги жана анда Дамирбек Асылбек уулу Казактын жараны деп айтылгандыгы тастыкталды. Бул нота Дамирбек Асылбек уулу Кыргыз тарапка өткөрүлүп берилбей турганын билдирет.
Уюшкан кылмышка, контрабандага шектелип кармалган Кыргыз парламентинин депутатын Астананын “ал Казак жараны” деп билдирүүсү түрдүү күдүк ойлорго жетелейт.
Бул окуя кимге пайда, а кимге зыян алып келет? Дамирбек Асылбек уулу контрабандага шектелип кармалардын алдында интернетке анын Өзбекстандын бай жана таасирдүү адамдарынын бири Салим Абдувалиев менен түшкөн сүрөтү чыгып, кызуу талкууга түшкөн. Ал талкуулар сууй электе атайын операция, башка өлкөнүн жарандыгы тууралуу маалыматтар кошулду. Окуянын өнүгүшү “Дамирбек Асылбек уулу агент эмес беле?” деген суроону жаратууда. Эгерде мындай багытта каралса, анда атайын операция деле ал адамды Кыргыз тарапка өткөрүп бербөө үчүн, бирок керектүү маалыматтарды “айттыруу” үчүн уюштурулдубу деген дагы тумандуу суроолорду жаратат. Мындай өңүттө караганда Кыргыз тарапка Дамирбек Асылбек уулун өткөрүп алуу керектүү иш болот. Коңшу өлкөнүн атайын кызматтарынын колунда калган Жогорку Кеңештин депутаты ал жакта кайсы бир топтун колунда куралга айланышы мүмкүн деген коркунучту жаратат. Эки айга тергөө абагына киргизилген депутат кимдир бирөөнүн кызыкчылыгында көрсөтмө да бериши ыктымал. Ал курал кимди көздөй ок болуп атылышын алдынан айтуу кыйын.
2015-жылы 4-октябрда өлкөдө парламенттик шайлоо өткөн. Шайлоого катышмакчы болгон саясий партиялар талапкерлер тизмесин БШКга жиберип, текшерүүдөн өткөрүшөт. Демек, биринчи жоопкерчилик талапкер болуп катталууда документтерди кабыл алган Боршайкомго тиет. Ушундай эле жоопкерчилик мамлекеттин коопсуздугу үчүн жооптуу орган болгон УКМКга тиет. Эске салсак, ал кезде УКМКнын төрагасы Бусурманкул Таабалдиев болчу.
Казак жарандыгы да бар Дамирбек Асылбек уулу бир эмес, эки жолу кыргыз парламентине депутат болуп шайланып, азыркы чакырылышта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде төраганын орун басары болуп саналат. Баса белгилей кетүү керек, аталган комитеттин кароосуна ондогон-жүздөгөн маанилүү документтер, “мамлекеттик жашыруун сыр” деген жазуусу бар папкалар да келип турат.
“Салим байбача” менен түшкөн сүрөттөн башталып, контрабанда менен уланган резонанстуу окуя жакынкы күндөрдө кадрдык өзгөрүүлөр менен аякташы ыктымал. Президент Сооронбай Жээнбековдун укук коргоо, көзөмөл, сот органдары менен болуп жаткан ачык да, тымызын да тирешүүсүнүн жүрүшүндө бул окуялар кайсы бир жетекчилердин үстүнө кара булут болуп чогулушу мүмкүн. Кантсе да тараза ташында мамлекеттин коопсуздугу, аброю, жарандарынын коопсуздугу турат...
Бишкектин жылуулук тармагын жаӊылоого дагы 21,2 миллион доллар карыз алынганы жатат. Тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊеш 2-окууда жактырды. Акчаны Европа өнүктүрүү банкы берип, анын 3 миллион доллары гранттык каражат болуп саналат. Акча "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасы тарабынан 19 насостук станцияны, 12 борбордук жылытуу пункттарын оӊдоого жумшалат. Аталган ишканага караштуу 430 чакырым жылуулук түтүгү болсо, анын 328 чакырымы же 70 пайызы алмаштырууга муктаж. Ал үчүн жалпы 200 миллион доллар керек.
2013-жылы ЖЭБди жаӊылоо үчүн Кытайдан карызга алынган 386 миллион доллар кандай жумшалганы ЖЭБдеги авариядан кийин талкууга түшүп, учурда депутаттык комиссия иликтөөдө. Кытай банкынын 386 миллионунан тышкары ЖЭБди жаӊылаган ТВЕА компаниясы Кыргыз тарапка 20 миллион доллар гранттык каражат берген. Бул акчанын кандай жумшалышы да суроо артынан суроо жаратууда. Коомчулук ири суммадагы акчанын жумшалышын адилеттүү иликтеп чыгат деп депутаттык комиссиянын ишинен үмүт кылып турган учур. Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, өлкөнүн тышкы карызы учурда 4 миллиард долларды түзөт. Адистер карыздарды төлөөнун туу чокусу 2023-жылдан тарта башталаарын эскертип жатышат. Андыктан карыз алууну гана эмес, төлөөнү да ойлонууга мезгил жетти. Жакында депутат Жанар Акаев түрдүү долбоорлор үчүн чет жерден алынган бардык кредиттерге ревизия жүргүзүүнү сунуштап чыгып, депутаттар арасынан колдоого алгандар чыкпады. Өлкөдөгү ири долбоорлор тышкы карыздын эсебинен жасалууда. Мисалы, "Датка-Кемин" электр линиясын тартууга Кытайдан 389 миллион доллар алынган. Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун курууга 1 миллиард долларга жакын кредиттик акча жумшалганы жатат. Бишкекке газ менен жүрүүчү 350 автобус сатып алууга 50 миллион доллар карыз алынмакчы. Бул акчаларды үстөгү менен кошо кайтарып берүүчү күн тез эле келет...