Түнкү клубда төшүн жылаңачтаганы үчүн камакка алынган ди-джей бошотулду

Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде төшүн жылаңачтаганы үчүн камакка алынган украиналык ди-джей бошотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарланды.

Маалыматка караганда, ди-джей Юлия Михайлованын жактоочулары Биринчи Май райондук сотунун аны 5 күнгө камакка алуу чечимин карап чыгуу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот райондук соттун чечимин жокко чыгарып, ди-джей бошотулган.

Буга чейин Юлия Михайлованын Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде ди-джей болуп иштеп жатып төшүн жылаңачтап салган сүрөтү интернетке тараган. Андан кийин Биринчи Май райондук милициясы текшерүү жүргүзүп, топтолгон материалдарды райондук сотко өткөрүп берген. Райондук сот коомдук тартипти бузгандыгы үчүн ди-джейди 5 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан тышкары ал иштеп жаткан клубдун администраторуна 1500 сом айып салынып, 8 сааттык коомдук ишке тартыла тургандыгы милдеттендирилген.

Түнкү клубда төшүн жылаңачтаган украиналык ди-джей камакка алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
G.Bale
2018-02-23 01:07:27
Шайтанка.
+4
Nurdan1112
2018-02-23 02:23:04
Бат элеби
+2
Atas
2018-02-23 02:23:15
Мындайлар жаш кыргыз кыздардын психологиясын бузат бузуку
+8
suyor
2018-02-23 03:14:44
Кайрадан карап чыкканда мыйзам бузбаптырбы ошондо? Же адатынча жашыл браттар жардамга келдиби? (Акчан болсо калтанда КР де кадимкидей талтанда)
+11
kamchatka
2018-02-23 05:15:05
жок эле дегенде депорт кылбайт беленер де ошол тунку клубдун ээсида ак уйдо отурабы 120 койдун арасында!
+11
Dalil
2018-02-23 08:19:33
Мындай шайтандарды депорт кылуу керек.
+3
Shadykanov
2018-02-23 11:01:05
Депортация кылып салыш керек эледа
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан