Чүй облусундагы Кемин районунун Тар-Суу айылынын тургуну Кызыл китепке кирген сүлөөсүндүн баласын таап алган. Бул жөнүндө Мамэкотехинспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал сүлөөсүндү Кемин суусунун жанынан тапкан. Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын кызматкерлери барып текшергенде, жаныбар Кызыл китепке кирген сүлөөсүндүн 10 айлык баласы экени такталган. Анын оң көзү жабыркаган.
Божомолдор боюнча, коргоого алынган жаныбарды кимдир бирөө багып жүргөн. Сүлөөсүндүн баласы "Бугу эне" жаныбарларды коргоо коомдук фондуна өткөрүлүп берилген.
Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык, Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга, үй шартында кармоого, багууга тыюу салынган.