Кытайдын Маданият министрлиги өлгөн адамды узатуу зыйнатында стриптиз бийлөөнү токтотуунун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылып, мындай чечимди аталган мекеме январь айында кабыл алганы белгиленген.
Анда Аньхой, Цзянсу, Хэнань жана Хэбэй провинцияларында тойдо, өлгөн адамды узатуу зыйнатында, түрдүү жарманкелерде, иш-чарада күч алып бара жаткан стриптиз бийин токтотуу үчүн атайын топ ишке киргендиги жазылат. Кытайдын өкмөтү тарабынан атайын түз байланыш номери жарыяланып, мындай бийди кезиктиргендерден кабарлап коюуну өтүнүшкөн. Өзгөчө кишинин тажыясында стриптиз бийи болгондугу тууралуу маалымат жөнөткөндөргө акчалай сыйлактар берилет.
Кытайда адам өлгөндөн кийин аны жерге берүү зыйнатына канчалык киши көп келсе, маркумдун даңкы, абийири ошончолук көтөрүлөт деген ишеним бар. Буга байланыштуу көзү өткөн адамдын жакындары жерге берүү күнүндө көп адам келсин деген аракет менен көптөгөн кызыктарды уюштурууга даяр болушат.