Жогорку Сот Сооронбай Жээнбековдун журналистке 5 миллион сом доосун өндүрүү боюнча чечимин күчүндө калтырды

22-февралда Жогорку Сот президент Сооронбай Жээнбековдун журналист Кабай Карабековго 5 миллион сом доосун өндүрүү боюнча чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин ишти Свердлов райондук соту карап, өткөн жылы 5-октябрда журналист 5 миллион сом жана 24.кг маалымат агенттиги 5 миллион сом КСДП партиясынан президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековго төлөп бериши керек деген чечим чыгарган. Ошол эле жылы 22-декабрда айып пул салган райондун чечимин соттун чечимин шаардык сот күчүндө калтырган. Ушул жылдын 5-февралында президент Сооронбай Жээнбеков 24.кг маалымат агенттигине коюлган 5 миллион сом доосунан баш тарткан. Ал эми журналист Кабай Карабековго карата айып пул боюнча арызды Жээнбеков чакыртып алган эмес.

Эске сала кетсек, 2017-жылы 11-сентябрда аталган агенттикке Кабай Карабековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиге барганы боюнча "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы жарыяланган. Анда Москва тарапты "ага-ини Жээнбековдордун радикалдуу араб уюмдары менен тыгыз байланышы бар болушу мүмкүн" деген Кыргыз жана Орус атайын кызматтары берген маалымат тынчын алып жатканы тууралуу жазылган. Мындан улам ошол кездеги президенттикке талапкер Жээнбековдун шайлоо штабы сотко кайрылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jelezo
2018-02-23 11:20:53
Карапайым адам кайрылса карабай да койушмак
0
Bazake
2018-02-23 11:42:21
Jelezo,Карапайым адам бул Кабайга окшоп калп жазып, бүтүндөй элдин башын айлантпайт. Кабайга боорун ооруп жатса жаныласын. Бул бирөөлөрдүн заказы менен Жээнбековдорду катуу айыптаган. Намысына тие турган оор күнөөлөрдү койгон. Эми ошонун азабын тартып жатат.
0
Azatbek83
2018-02-23 11:45:59
Bazake, Жээнбеков эмнеге Ашага баатыр наамын берген?Кайсы ишине? Чындыкты айтып озуно каршы чыкканына Конституцияны озгортконго каршыларды, саясий куугунтук, журналистерди акча доолап,соз эркиндигине чек койгон,Монгулорду жок кылганга кол койгон учунбу ?Кыргызды карызга толтурган учунбу,Кайра кайтарып алар бекен?! Эн жакшы болушса Каргашалуу жуктун ээсин табышсын алаксыта бербестен!!!!!
+3
Bazake
2018-02-23 11:52:03
Azatbek83,Аны убакыт көрсөтөт. Баатырдык наам бергени бир чети туура болгон. Анткени, АША деле 6 жыл жакшы кызмат кылды элге
-8
Azatbek83
2018-02-23 11:56:37
Bazake,Карызга батырып кетеерде монгулорду талкалаганга кол койуп ооба жакшы иштеди! Жок дегенде бир эле кылган ишин айта аласынбы?!
+3
Azatbek83
2018-02-23 12:00:20
Ажо болуп Эл кыдырбаса жаратылыш кырсыгы болгон жерлерге барып Эл менен болбосо .Тескерисинче Элди озунор куноолусунор десе .Кечееги Каргашалуу самалет кулаганда да жок дегенде элге барып конул сурап койбосо кантип мактай аласын?!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан