Австралиянын вице-премьер-министри кол алдында иштеген кызматкер менен жакын мамиледе болгондугу үчүн кызматынан баш тартты

Австралиянын вице-премьер-министри Барнаби Жойс кол алдында иштеген кызматкер менен жакын мамиледе болгондугу үчүн кызматынан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 24 жылдан бери никеде туруп, бир нече баланын атасы болгон Жойстун кол алдында мурда иштеген Викки Кэмпион андан кош бойлуу болуп калгандыгы ачыкталган. Мындан улам вице-премьер-министр бийликтен жана Улуттук партиянын лидерлигинен баш тартып, бирок парламенттик мандатын сактап кала турганын айткан.

Министрдин бул жоругу Австралияда коомчулуктун кызуу талкуусун жаратып, жыйынтыгында аталган өлкөнүн премьер-министри Малкольм Тернбулл жаңы эрежелерди киргизүүгө аргасыз болгон. Жаңы регламентке ылайык эми бийлик өкүлдөрү кол алдындагы кызматкерлер менен жакын мамиледе боло алышпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
wwwbaxa
2018-02-23 19:31:54
Биздикилер озу кетмек тургай тигинисин жогорулатат го...
+14
Malik92
2018-02-24 13:51:07
Барнаби Жойстун уяты бар экен.Биздикилердин беттери "Бегемоттордукундай"-калын.Жоо басыштан уялышат,экиден паспортору бар,2-3тон "Токолдору"-бар.Эээ айта берсек соз коп.Дагы биз билбеген канча былыктары бар Жепжутаттардын.Бири олуп бири калсын.Заманыбыз тынч болсун,элим тынч болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан