Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-февралда кыргыз элин мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады.
Өлкө башчысынын куттуктоосунда кызмат өтөп жаткан мекен сакчыларына жана ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлерге мекенге арнаган кызматтары үчүн терең ыраазычылыгы айтылат.
"Бүгүнкү күн – тарыхый күн. Мындан 100 жыл мурда Кызыл армия жана аскер-деңиз флоту түзүлгөн. Даӊктуу тарыхый жолду басып өткөн согуштун жана ооруктун ардагерлеринин көөнөрбөс салтын жаӊы муундун өкүлдөрү татыктуу улап келүүдө. Куралдуу Күчтөр дайыма мамлекеттүүлүктүн тиреги болуп келет. Мекенди коргоо – бул ыйык милдет! Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгы, жөндөмү улуттук коопсуздуктун маанилүү фактору болуп эсептелет. Урматтуу мекендештер!
Сиздерге бекем ден соолук, тынчтык жана зор ийгиликтерди каалайм. Мекенибизди көздүн карегиндей коргоп, аскердик күжүрмөн даярдыгыңыздар дайыма бийик деңгээлде болсун!” - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.