Тажикстанда унга уулангандардын саны 54кө жетти

Тажикстандын тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда гелиотроп чөбү кошулуп кеткен унга уулангандардын саны 54кө жетти. Алардын 16сы жаш балдар. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, гелиотроп чөбү кошулуп кеткен ундан уулангандар жергиликтүү ооруканада дарыланууда.

"Бүгүнкү күндө ооруканада 16 жаш бала жана 38 жаран дарыланып жатат. Бейтаптардын баары дарыгердин жана адистердин өзгөчө көзөмөлүндө каралууда. Абалы жакшы болгон соң дароо ооруканадан чыгарылат", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин тажик жарандары ууланган унду аталган аймакка жеке ишкер алып келген буудайдан алышканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан