Кечээ, 22-февралда Жогорку Кеңеш батирлерди күнүмдүк ижарага берүүгө уруксат берген мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзамды депутаттар Алтынбек Жунус уулу, Гүлшат Асылбаева, Максат Сабиров, Дастан Бекешев демилгелеген. Эми ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койсо, мыйзам күчүнө кириши күтүлөт.
Мыйзам долбооруна ылайык, туристтик зоналарда жайгашкан көп батирлүү үйлөрдөгү турак жайларды мейманкана катары пайдаланууга уруксат берилет.
Белгилей кетсек, эки жыл мурун депутаттар жеке батирлерди күнүмдүк ижарага берип, мейманкана катары пайдаланууга тыюу салган мыйзам кабыл алган эле. Бирок бул мыйзам туристтик аймактарда жеке батирлерин ижарага берип каражат тапкан жарандардын нааразычылыгын жараткан. Мындан улам депутаттар бир жыл өтпөй кайра бул маселеге кайрылууга мажбур болду.