Бүгүн кыргыз эли Ата Мекенди коргоочулардын күнүн белгилеп жатат. Мурда советтик Армиянын күнү катары белгиленип келген бул майрам 2003-жылдан тарта Кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен жаш өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталып, календарда кызыл дата менен белгиленген. Мындан улам SUPER.KG порталы жалпы окурмандарын аталган майрам менен куттуктайт:
"Урматтуу мекен коргоочулары!
Сиздерди 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ар дайым өлкөнү душмандан коргогон, өз мекенин сүйө билген, эркинен тайбаган, айткан сөзүнө бек турган Кыргыздын чыныгы патриотторунун катарын толуктап жүрө бериңиздер! Мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугу, бейкутчулугу жана бакубатчылыгы сиздердин колуңуздарда! Баарыңыздарга ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана бакубат жашоо каалайбыз! Ар дайым эл-жерди ысык-суукка карабай коргоп келе жаткан азаматтардын катарында аман болуңуздар!"