Улуттук статистика комитети: "Өлкөдө калктын 49,5 пайызын эркектер түзөт"

Республикадагы калктын 49,5 пайызын эркектер түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын башында эркектердин саны 3 миллиондон ашык адамды түзгөн. Ал эми эркектердин үчтөн экиси – айыл тургундары. Ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарында жашайт. Эмгекке жөндөмдүү курактагы эркектердин 76 пайызынын жумушу бар. Иштеген эркектердин орточо курагы 37 жашты түзөт.

Улуттук статистика комитетинен билдиргендей, өлкөдөгү эркектер 20-29 жашында үй-бүлө түзүүгө ниеттенишет. Никеге турган ар бир үчүнчү эркек 20–24 жашта же болбосо 25–29 жаш курагындагылар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
stimyl.kg
2018-02-23 14:18:23
Бир эркекти азайтып койгула кечееги интернетхитмен криминал депутатты,ал казак жараны турбайбы.
+8
ruslanz
2018-02-23 14:30:20
stimyl.kg,Дагы бирге азайтып койгула, биз жакта бироо транс... экен.
+9
G.Bale
2018-02-23 14:54:01
Ошол казак жарандыгы бар жепутатты окуп алып уялганыман жузуму кепкам менен жаап оттум элдин алдынан)))
Кыздар коп экенда корсо анда бизде, ошого элдер ойлонбой эле экиден уйлонуп жатышкан тура.
+2
lady_91
2018-02-23 16:28:30
G.Bale,почти аял эркек бирдей эле экен 0.5%ке эле азырак экен эркектер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан