Элмирбек Иманалиевдин "Ыр перия" поэзия кечесине келгендер филармониянын залына батпай калды (фото)

Бүгүн, 23-февралда Кыргыз улуттук филармониясында заманыбыздын залкар акыны, обончу Элмирбек Иманалиевдин "Ыр перия" аталыштагы поэзия кечеси болуп өттү.

Кечени жаш акындар Иманалиевдин калемине таандык балалыкка арналган ырын көркөм окуу менен башташты. Андан соң акын эл алдына чыгып өзү ырларын биринин артынан бирин окуп элдин черин жазды.

Поэзия ырларын уккандан кийин кеченин коноктору андан комуз менен чыгармаларды аткарып берүүсүн өтүнүштү.

Күйөрмандардын өтүнүчүн четке какпастан Элмирбек Иманалиев өзүнүн "Булбулум" аттуу чыгармасын комуздун коштоосунда аткарды.

Поэзия кечесине келген белгилүү акындар, маданият өкүлдөрү жана акындын көптөгөн күйөрмандары залга батпай, кече бою туруп тургандардын саны көп болду.

Акынды колдоо үчүн келген Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз өз сөзүндө акынга чыгармачылык эргүү каалап төмөнкүлөргө токтолду: "Элмирбек көп кырдуу талант. Эл ар бир талантын колдоп-коштоп турса ал тарбиялаган жаштар белгилүү акын болуп чыгарына ишенем".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ashamkan
2018-02-23 23:50:00
Видеосун жуктойсуздорбу кинозал болумуно
+7
Jazdyn_tany
2018-02-24 00:11:17
Кирүү акысыз болчу...
-9
ainur78007
2018-02-24 07:18:31
Jazdyn_tany,кирүү акысыз болсо эле, бекерчи адам барбы акысыз экен деп жөнөп калчудай.Поэзияны түшүнгөн,Элмирбектин талантын сыйлаган адам, акча төлөп болсо да кирмек.
+19
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан