Ирандын баш калаасы Тегеранда жоолугун чечкен эки аял жергиликтүү полиция тарабынан ур-токмокко кабылып, камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, аялдар милдеттүү түрдө баш кийим кийип жүрүү мыйзамына нааразы экендигин билдирип чыгышкан.
Алар эл көп чогулган жердеги бийик секиге чыгып, жоолуктарын чечип колдоруна кармап турушкан.
Аялдардын бири Шапарак Шахизадех 21-февралда кармоо учурунда ур-токмокко кабылганын анын үй-бүлөсү билдирип чыкты. Экинчи аял 22-февралда кармалганы кабарланууда.
Айта кетсек, февраль айынын башында Иран полициясы жоолуктарын чечип салган 29 аялды кармаган. 1979-жылкы Ислам революциясынан кийин Иранда аялдар милдеттүү түрдө хиджаб кийип калышкан.