22-февраль күнү Бишкек шаарындагы "Чынар" соода борборунун ичинен акча уурдап кеткен аялдардын бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"22-февралда Бишкек шаарындагы "Чынар" соода борборундагы бутиктердин биринде соода кылган адам сумкасын уурдаткан. Ичинде 84 миң сом акчасы жана документтери болгон. Жабырлануучу Свердлов РИИБине арыз менен кайрылган. Учурда уурулукка шектелгендердин бири 1963-жылы туулган И.Ж. кармалып, сурак берүүдө", - дейт басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, бир нече күн мурун социалдык тармактарда "Чынар" соода борборунда белгисиз аялдар ичинде документтер жана ири суммадагы акча салынган баштыкты уурдап кетишкендиги жөнүндө маалымат тараган. Жабырлануучу ошол эле күнү Свердлов РИИБине арыз жазган. Ал боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иш козголгон. Учурда анын башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги такталууда.