Өлкө аймагындагы тоолуу унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

25-26-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу райондорундагы унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашуулары менен Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат жолундагы Кара-Көө ашуусунда кар көчкү түшүү кооптуулугу жогору.

Мындан улам аталган министрлик унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан