Чүй облусунун имамдары бирдиктүү форма кийишет. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун казысы Руслан Жумагуловдун тапшырмасы менен облустун имамдары бирдиктүү форма кийгенге өтө башташты.
Алгачкылардан болуп Ысык-Ата районунун 47 имамы облустук казыяттын белгилери түшүрүлгөн бирдиктүү формага ээ болушту.
"Форманы имамдар өз каражаттарына тиктирип жатышат, мындан ары алар ар кандай чогулуштарда жана башка иш-чараларда ошол формаларды кийип жүрүшөт", - деп билдиришти дин башкармалыгынан.