Кыргыз мамлекетинде январь айында 45 миң 800 тонна жүк ташылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жүктүн 88 пайызы жеке ишкерлерге таандык болгон. Былтыркы жылдын январь айына салыштырмалуу жүк 2 пайызга көп ташылган. Жүк ташуунун көлөмү өлкөнүн бардык аймактарында көбөйгөн.