Баткендин тургуну Багги үлгүсүндөгү унааны колго курап жатат

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Охна айылынын тургуну Азамат Жетимиш уулу Багги үлгүсүндөгү унааны колго курап жатат. Анын айтуусуна караганда, аталган унаа Баткен аймагындагы жолдорго башка унааларга салыштырмалуу ыңгайлашкан.

Ал унааны куроого негизинен Япон өлкөсүнөн чыккан унаалардын тетиктери колдонулуп жатканын, аларды сатып алууга 50 миң сомдой акча коротулганын айтат.

"Мен Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Охна айылынын тургуну болом. Бирок учурда Кадамжай шаарында турам. Бул ишти баштаганыма бир айга чукулдап калды, учурда 50 пайызын курап койдум. Дагы бир айдай эмгек кылсам толук бүтүрөм деп ойлоп жатам. Унааны куроодо негизинен Япон өлкөсүнөн чыккан унаалардын тетиктерин колдонуп жатам. Ал тетиктерди сатып алууга 50 миң сомдой акча кетти, мен өзүм курап, устанын ишин да өзүм кылып жаткандыктан бир аз арзанга түшүп жатат", - дейт Азамат.

Ошондой эле ал унааны сатып алам деп жакшы баа сунушташса сатып жиберерин, анткени дагы башка унааны куроо оюнда бар экенин айтат.

Баткендик адам багги үлгүсүндөгү унааны колго курап жатат
Баткенде тургун Багги үлгүсүндөгү унааны колго жасап жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tima01
2018-02-25 17:51:30
Ийгилик!!!
+20
ekaterinburg
2018-02-25 18:01:30
Азаматсынар!Жасап,сырдап койсо соонун эле болчудай.
+21
NURTILEK_KG
2018-02-25 19:17:15
Азамат байке анча мынчасы мынтип кыла албайт
+20
TalaCSKA
2018-02-25 21:02:10
Урматтуу Супер инфо ушул машина буткондо кабарлап койсонуздар сураныч.
+20
MAN-CITY
2018-02-25 21:27:05
Джип рубиконго окшоштуруп жасаптыр бар болунуз ишинизге ийгилик.
+9
uz.nookat
2018-02-25 21:35:21
Азамат балли
+9
azema96
2018-02-26 02:19:23
Молодец! Ишинизге ийгилик, анча мынча адамдым мээси жете бербейт мындай жумушту жасаганы.
+5
Adi.Avazbekov
2018-02-26 13:52:09
Азамат братан ишинизге ийгилик.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан