Жалал-Абад шаарында 1-марттан тартып таштандыга болгон төлөмдүн баасы көтөрүлөт

"Жалал-Абад Тазалык" муниципалдык ишканасынын таштанды ташуу кызматынын акысын кымбаттатуу сунушун Шаардык кеңеш 20-февралдагы кезектеги сессиясында жактырып, бекитип берди. Бул тууралуу бүгүн, 27-февраль күнү SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев билдирди.

Тагаевдин айтымында, абоненттик төлөмдүн тарифин көтөрүү маселесин аталган мекеме сунуштаган.

"Таштандыга болгон төлөмдүн тарифи акыркы жолу 2013-жылдын соңунда көтөрүлгөн экен. Андан бери мунайзатка болгон баа көтөрүлдү. "Жалал-Абад Тазалык" ишканасы шаардык бюджетке керектүү чарба буюмдарын сатып алуу үчүн деп акча сурап көп кайрылат, анткени чыгымы көп, төлөм аз. Ошол себептен төлөмгө болгон бааны көтөрүүгө макулдук бердик. Бирок дагы 10 жумушчу штатка алынып, алар шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун шыпырып, тазалоого милдеттендирилди", - дейт төрага.

Айта кетсек, "Жалал-Абад Тазалык” ишканасы ушул жылдын 1-мартынан турмуш-тиричилик калдыктарын ташуу кызматы үчүн көп кабаттуу үйлөрдө жашаган ар бир тургундан айына 25 сомдон ала баштайт. Бул баа мурда 20 сомду түзүп келген. Ал эми жеке турак жайда жашаган ар бир тургун айына мурдагыдай 23 сом 68 тыйын эмес, 30 сомдон төлөй баштайт. Ошондой эле мекеме-уюмдар 1 кубометр таштанды үчүн мурда 377 сом 89 тыйын төлөп келсе, эми 471 сом 99 тыйын төлөй башташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdusamat.kg
2018-02-27 15:07:18
Кыйратасыңар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан