Кечээ, 25-февралда Орусияда үч жыл мурун киши колдуу болгон оппозициячыл Борис Немцовду эскерүү жүрүшү өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Немцовду эскерүү иш-чаралары Орусиянын бир канча ири шаарларында өткөн. Жөө жүрүшкө чыккандардын чоң тобу Москва шаарында болуп, алар саясатчынын өлүмүнө тийиштүү адамдар сөзсүз жазасын алышы керектигин айтып, ал унутулбай турганын даңазалаган ураан менен келишкен.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 28-февралга караган түнү Москвада Борис Немцовду атып кетишкен.
Сот Немцовдун өлүмүнө шектелген Чеченстандын Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Заур Дадаевди күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Дадаевге көмөктөшкөн деп айыпталган Анзор Губашев 19 жылга жана Шадид Губашев 16 жылга кесилген. Андан сырткары Хамзат Бахаев 11 жылга эркинен ажыратылган.