Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 6-курсунун студенти Сураб Тиравинин эмне себептен каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"30 жаштагы Индиянын жараны Сураб Тирави Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 6-курсунун студенти болгон. Ал 22-февралда оозу кургап, жүрөгү айланып, кускусу келип жатканын жана ичи катуу ооруганын айтып Ош шаардык ооруканасына кайрылган. Бейтаптын досу ошол күнү эртең менен ооруп баштаганын айткан.
Студентке ошол эле күнү операция жасалган. Бирок эсине келбей жүрөгү токтоп каза болгон.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен курч кармаган панкреонекроз деген диагноз коюлду", - дейт басма сөз кызматы.
Айта кетсек, буга чейин 2016-жылдын ноябрь айында ОшМУнун медицина факультетинин студенти каза болгон.