Нарында 6-класста окуган кыз асынып алды

Нарын облусунда 6-класста окуган кыз 23-февраль күнү өз өмүрүнө кол салып каза болду. Нарын ОИИБинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, өз өмүрүнө кол салган кыздын жансыз денеси үйдүн короосундагы кампадан асынып турган абалда табылган.

"23-февраль күнү милицияга 2005-жылы туулган Р.Ж. аттуу кыз кечки саат 20:00 чамаларында асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам тергөө тобу барып, кыздын денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуунун белгилери табылган эмес. Ата-энесинин айтымында, кызы үйдөн чыгып кеткенден кийин издеп жатып, үйдүн короосундагы кампада асынып турган жеринен табышкан. Учурда окуянын чоо-жайын териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ОИИБден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
altyn7776
2018-02-26 12:11:13
Абдан жаман! Балага кам коро албагандан кийин баладан айланасынарбы?
-2
Bazana
2018-02-26 13:21:33
altyn7776,билип билбей жазганын туура эмеско
+3
kanu
2018-02-26 12:12:41
Ай ииий 6 классс деген жыргап журчу кез го олумго эмне шашты кудай эле сактасын
+6
Kuba-savai87
2018-02-26 12:16:44
Жаштык кылыптыр да, жигит талашкан эмесби
+6
nargiz94
2018-02-26 15:01:11
Азыр откоол курак(переходный возраст) дешип балээ болду... Андай-мындайы жок эле, апабыздан таяк жеп, мугалимден тил угуп эле чонойдук эле.. Кийинки жаштарга суйлллогондон коркосун
+8
datkayimjan
2018-02-26 19:30:06
Кудай сактай кор
0
taku1414
2018-02-26 20:51:13
Ата энеси таарынткан жок болду бекен. Кууноосу жок жемелей берсе ошол барышы мумкун. Туура эмес иш кылса кичинекей балдарды урушпай тушундургонго уйронушубуз керек.
0
Alixan-Nookat.2015
2018-02-26 22:17:12
Ушуга окшогондорду интернет, телевизор, газета аркылуу жарыялаган болбойт окшойт укканын кылып жатышат жаштар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан