КҮНСЕРЕП: Жогорку Кеңештен дагы канча Динарбек-Дамирбектер чыгат?

Бүгүн, 26-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламент депутаты Дастан Бекешев кош жарандыгы бар депутаттарга жана чиновниктерге кылмыш ишин ачууну сунуштап Башкы прокуратурага кайрылды. Депутат 2 өлкөнүн жарандыгын алып жүргөн депутатты мандаттан ажыратуу же мындай аракети үчүн чиновникти кызматтан алып коюу жетиштүү жаза эмес дейт.

Контрабандага, уюшкан кылмышка шектелип Алматыда кармалган Жогорку Кеӊештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун эки өлкөнүн жараны болуп чыгышы (ТИМге Казак тараптан бул тууралуу маалымат келген) Кыргыздын мамлекеттик органдарынын ишине көлөкө түшүрдү.

БШКнын мүчөлөрү "тизме түзүп жатканда карашы керек эле" деп жоопкерчиликти партияга түртүүдө. БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Боршайком кош жарандыгы барбы же жокпу деп талапкер шек жаратса гана текшерет дейт. Албетте, тийиштүү башка органдар дагы азыр Жогорку Кеңештин депутатынын кош жарандуулугуна байланыштуу жоопкерчиликти моюнуна албай, бир мекеме экинчисине түртө салууга аракет кылат. Ошентип Дамирбек Асылбек уулунун окуясынан улам БШК партиялардын депутаттыкка талапкерлер тизмесин кантип “текшерери” белгилүү болду. БШКнын тыкыр текшерүүсүнө илинүү үчүн талапкер “шектүү” болушу керек. Кандай критерийде “шектүү” көрүнөт, аны БШК мүчөлөрү ачыкташпады.

Кечээ Динарбек, бүгүн Дамирбек, кечээ 1979-жылы туулуп, бүгүн 1981-жылы туулуп алса деле боло берет. Бул окуялар Кыргыз парламентине күмөндүү документтер менен депутат болууга кеӊири жол берилип жатканын ачыктады. Дамирбек Асылбек уулу парламентте, мамлекеттик жогорку кызматтардагы кош жарандыгы бар көптүн бири болушу мүмкүн. Буга чейин экс-депутаттар Өмүрбек Бабановду Казакстандын, Жыргалбек Саматовду Орусиянын жараны деген маалыматтар тарап, талкууга түшкөн. Саматовду БШК "Орусия жараны" деген маалыматтын артынан мандаттан ажыраткан. Мыйзам бирдей иштесе, Дамирбек Асылбек уулу да мандатынан ажыратылышы керек. 2011-жылы Жогорку Кеӊештин депутаттары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду да Орусиянын жараны деп айтып чыгышып, атайын түзүлгөн комиссия жана Баш прокуратура Кулматовдо кош жарандык жок деп тапкан.

Дамирбек Асылбек уулу 2009-жылы "Ак жол" партиясынан Жогорку Кеӊешке депутат болгон. Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашты. Эмне үчүн бүгүнкүгө чейин аталган депутатка Казакстан тараптан кош жарандуулугу боюнча суроо берилбей келгени да кызык.

Кыргыздын Мамлекеттик каттоо кызматы Асылбек уулу Кыргыз жараны деп билдирүүдө. 2 жыл мурун Түркиядан 98 Кытай жараны Кыргыз паспорту менен кармалып, бул үчүн эч бир чиновник жазага тартылган эмес. Бирок аталган окуя Түркия менен Кыргыз мамилесине көлөкө түшүрүп, ишенбестик жарата алды.

Учурда жасалма документтерди депутатка эки өлкөнүн кимиси бергенин тактоо зарыл. Жогорку Кеӊеш - өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруучу, аткаруучу бийликти көзөмөлдөөчү органы. Өлкөнүн жашыруун маалыматтары депутаттар үчүн жеткиликтүү. Бийликтин ушундай эң башкы бутагына күмөндүү өтмүшү бар, кош жарандыгы бар адамдын депутат болуп барып калышынын өзү көп нерсени айтып турат. Кыргызда улуттук коопсуздук ушундай чабал абалдабы? Бул окуя өкүлү парламентти жетектеп турган “Кыргызстан” партиясына, фракциясына да ишенбестик жаратууда...

Өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап телеграмма жөнөттү. Куттуктоодо Жээнбеков Кыргыз өлкөсү Түркия менен кызматташууну өнүктүрүүгө маани берерин айтты.

Түркия президенти Эрдоган бүгүн 64 жашка чыкты. Акыркы 3 жылды карасак, Кыргыз президентинин атынан Түркия лидеринин туулган күнүндө телеграмма жиберилбей калган. 2015-жылы Түркия Орусиянын аскердик учагын атып түшүргөн окуянын эпкини Кыргыз-Түрк алакасына да тийип, өлкөлөрдүн мамилеси муздай түшкөн.

Кийин Түркиянын ал кездеги премьери Мевлүт Чавушоглу Түркияда аскерий төӊкөрүш уюштурууга айыпталган дин аалымы Фетхуллах Гүленге таандык лицейлерди жабууну Кыргыз тараптан талап кылып чыккан. Кыргыз тарап "өзүбүздүн маселени өзүбүз чечебиз" деген жооп узаткан. Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкен соӊ 2 аптадан кийин Түркия парламентинин төрагасы Исмаил Кахраманды кабыл алды. Анда спикер президент Эрдогандын салам-дубайын жеткирип, Түрк тарап Жээнбековдун Түркияга сапарын күтүп жатканын айткан. Президент Жээнбеков алгачкы жылын өлкөлөр ортосундагы бузулган же салкындап кеткен мамилелерди оӊдоого арнап жаткан чагы. 2017-жылы президенттик шайлоо алдында бузулган Кыргыз-Казак мамилеси Жээнбеков бийликке келген соң Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушууларынан кийин калыбына түштү.

Түркияда Кыргыздын көптөгөн жарандары жашап, иштейт. Демек, алар мигрант катары бул жактагы жакындарына каражат жиберип, ошону менен өлкөгө да өз салымын кошуп келишет. Сооронбай Жээнбеков президент Эрдоганды куттуктоо менен Түркия менен мамилени жакшыртуу ниетин билдирди...

Өлкөдө жол кырсыктарын азайтуунун дагы бир ыкмасы сунушталууда. ИИМ "Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске" өзгөртүү киргизүү сунушун коомдук талкууга илди. Ага ылайык, 1 жыл ичинде жол эрежесин 3 жолудан ашык бузган айдоочу автомектепте кайра окууга милдеттендирилет. Мисалы, коопсуздук курун тагынбай 3 жолу МАИге кармалсаӊыз, автомектепке жөнөйсүз. Кошумча окуудан өтүп, сынак тапшырып, андан өтсө гана айдоочулук укугу кайтарылып берилет. Кошумча окууга жөнөтүү тартибин өкмөт атайын токтом менен аныктайт. Ошондой эле жогорку ылдамдык, стоп-линиядан өтүп токтоо, жол чырактын кызыл жарыгы күйүп турганда өтүүгө карата айып пул жогорулайт. Мисалы, азыркы тапта коопсуздук курун тагынбоого айып пулдун суммасы 300 сом болсо, аны 500 сомго чейин көтөрүү сунушталып жатат. Ал эми жол чырактын кызылынан өтүүгө айыпты 1 миӊ сомдон 2 миӊ сомго көтөрүү каралууда.

Сунуш боюнча аталган кодекстин 40тай беренесине жаӊы нормалар киргизилмекчи. Бул жол кыймылын тескөөчүлөрдү жана айдоочуларды "Акылдуу шаар" долбооруна даярдоо аракети. Белгилүү болгондой, "Акылдуу шаардын" алкагында 1,5 жыл ичинде Бишкек менен Ош шаарлары видеокамералар менен жабдылмакчы. Сунушталып жаткан нормалар ийгиликтүү иштеши үчүн жол чийиндери, белгилери да талаптагыдай болушу шарт. Мисалы, 2015-жылы Бишкекте эле 4200 жайга жол белгилерин коюу керектиги айтылган, канчасы бүттү белгисиз. Кыскасы, өкмөт жоопкерчиликти күчөтүү менен бирге айдоочуларга жол эрежелерин сактоо үчүн керектүү шарттарды да түзүп берүүсү керек...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан