Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде кооперативдин кеңешинин ишмердүүлүгүнүн жогорулашын шарттаган мыйзам долбоору каралды.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, республиканын кооперативдеринин натыйжалуу иштешине кооперативдердин кеңеши өзгөчө мааниге ээ. “Кеңеш жок өлкөнүн кооперативдеринин өнүгүүсү төмөнкү деңгээлде болот. Анын негизги багыттары - курамы, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүнүн шайлоосу болуп эсептелет”, - деди министр.
Ошону менен катар эле Нурбек Мурашев республика боюнча жалпы 420 кооператив бар экенин кошумчалады.
Депутат Алмасбек Акматов кийинки жыйынга ири кооперативдерди чакырып, алардын дагы пикирлерин угууну сунуштады.