Апасы менен кошо унаа сүзүп, анын кесепетинен бир буту кесилген кыздын абалы жакшы болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына буту кесилген наристенин атасы Жыргалбек Чотонов билдирди.
"Учурда ооруканада бир аз болсо да ойноп, абалы жакшы болуп калды. Дарыгерлер эртеңден баштап кесилген бутундагы тигилген жиптерди ала баштайбыз дешти. Учурда кызымды ооруканада апам, балдызым карап жатат. Айрым учурларда мен да барып карап жатам. Анткени жол кырсыгынан кийин кызым катуу нес болуп калгандыктан түнкүсүн ойгонуп ыйлап жатат. Аны алмашып-алмашып сооротуп уктатып жатабыз", - дейт Жыргалбек Чотонов.
Андан сырткары ага жардам берүүнү каалаган адамдар тарабынан 900 миң сомдой чогулганын айтты.
"Учурда 900 миң сомдой чогулуп калды, анын 400 миңден ашууну “ЭЛСОМ” мобилдик капчыгына түшсө, 500 миң сомдой акчаны банк аркылуу жана келип колума берген кайрымдуу адамдар тарабынан чогулду", - дейт Жыргалбек Чотонов.
Айта кетсек, 9-февралда Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде 1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп жол жээгинде турган келинди унаа сүзүп кеткен. Келин алган жаракатынан улам ооруканада каза болсо, кызынын жамбаш сөөгү жанчылып калгандыктан дарыгерлер анын бутун кесип салууга мажбур болушкан.
Бул окуядан кийин кырсыкка кабылган наристеге жардам берүүнү каалаган адамдар атасы Жыргалбектин “ЭЛСОМ” мобилдик капчыгына акча каражаттарын которуп башташкан. Кийин WhatsApp аркылуу "Жыргалбек Чотонов аттуу адам алдамчылык менен алектенип жатат, мурда алдамчылык фактылары менен соттолгон" деген маалыматтар тарай баштаган. Кийин Жыргалбек Чотонов SUPER.KG порталына бул маалыматтар жалган экенин билдирген болчу.