Өкмөт калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн 43 миллион доллар насыя алууга ниеттенүүдө

Өкмөт калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн 43,2 миллион доллар насыя алууга ниеттенүүдө. Өкмөттүн сунушу бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында каралды. Бул каражат айыл аймактарындагы таза суу жана тазалык маселелерине керектелет.

Бул насыяны алуу боюнча долбоорго Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен Кыргыз тарап 2017-жылы 13-ноябрда кол койгон. 43,2 миллион доллардын 11,9 миллиону грант түрүндө, калган акча 38 жылдык мөөнөт менен насыя түрүндө берилип жатат. Бул долбоор 2025-жылга чейин ишке ашырылып бүтүшү керек.

Таза суу долбооруна Ош, Чүй, Ысык-Көл облусунун аймагындагы 53 айыл кирген. Бул долбоорго Кыргыз өкмөтү 7,2 миллион доллар каражат салат. Бул каражаттын булактары 2018-2019-2020-жылдарга өлкөнүн бюджетинен изделе турганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
only_progress
2018-02-26 12:15:51
Таза суу ичпейбиз арыктан сайдан эле ичебиз насыя албай эле койгула. Баарыбир таза суу алып келбейсинер.
+6
Dalil
2018-02-26 12:34:05
Алынган карызды кантип төлөөрүн да айтпайбы? Бир да мамлекеттик завод-фабрика болбосо. Анда салыктын эсебинен төлөнөбү? Мамлекеттикарызга батырып чиновниктерибиз ар кайсы мамлекетте качып жүрөт. Акаев Россияда, Бакиев Белоруссияда, Атамбаев Кыргызстанда жыргап жашап жатышат. Күндөн-күнгө көбөйгөн карызды бир күн барып карапайым калк төгөт.
+3
Dalil
2018-02-26 12:37:54
Ансыз да айтып жаткан 32 млн $ каражат жумшалып чыкпай калган сууну жөнгө салып алышпайбы. Күнөөлүлөр жооп бериш керек.
+3
Leilektik
2018-02-26 12:59:20
Dalil,32миллион сом доллар эмес
0
altyn7776
2018-02-26 12:48:51
27 жылдан бери камсыз кыла албай койдунар го жеп чычаарлар.. Кайран гана алынган гранттар..же бир жоопкерчиликке тартылганын укпадым
+1
Leilektik
2018-02-26 12:55:22
386миллионду$ ким жеген ошону таап туруп ,лейлеккеда таза сууну чыгарып бергиле ато шор суу иче берип бойрокто таштар кобойуп кетти,кимден сурабайын бойрок ооруп атат дейт ,жакында бойроксуз калат окшойт лейлектиктер,
+4
Nurtilek82
2018-02-26 16:50:40
Leilektik, хахаха
0
nurik903
2018-02-26 13:17:16
ХХХХ экенда ушул чондор
+2
chikeusenov
2018-02-26 13:27:31
биринчи иштебей ичип жегендерди жоопко тарткыла куноолулор болсо мулкун конфискация кылгыла анан жоопкерчиликтуу ишкерлерлер болот эле буга чейин канчалаган жоопкерчилиги жоок чычкактарды камабайсынар дагы деле ушул корунуш боло берет экенда эми 43 миллиондун бир миллионун иштетип калганын болушуп жатып калат экенсинерда эми мен миллионер сен миллионер деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан