Мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев каза болду

Коомдук-ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев 68 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 26-февралда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, коомдук-ишмер узак убакытка созулган оорудан улам дүйнө салган.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 27-февраль күнү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдында өтүп, андан кийин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Эсенгул Өмүралиев 1950-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Тоң айылында төрөлгөн.

1973-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. Ошол жылы эле Электро-механика илимий изилдөө институтунан эмгек жолун баштаган.

1991-1992-жылдары өнөр жай министри, андан кийин 1998-1999-жылдары тышкы соода жана өнөр жай министри болуп иштесе, 1992-1994-жылдары жана 1999-2000-жылдары вице-премьер-министр болуп эмгектенген.

Андан сырткары, 2001-2005-жылдары Кыргыз мамлекетинин Украинадагы, 2012-2016-жылдары Казакстандагы элчиси болгон. 2005-2006-жылдары Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Эсенгул Өмүралиевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан