Автобустук каттамдарды тейлеген айдоочуларга жоопкерчилик күчөтүлдү. Тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырылган документке ылайык, бир жана андан көп өлүмгө алып келген же ар түрдүү оордуктагы жаракат алган үч жана андан көп жүргүнчү менен жол-транспорт кырсыгын жасаган жана айдоочунун күнөөсү соттун чечими менен белгиленген учурда автобустук каттамдарды тейлеген айдоочулар менен келишим бир тараптуу тартипте бузулат.
Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.