Улуттук банк уюлдук телефондун балансынан электрондук капчыктарды толтурууга тыюу салды

Улуттук банк уюлдук телефондун балансынан электрондук капчыктарды толтурууга тыюу салды. Бул тууралуу маалымат банктын расмий интернет баракчасына жарыяланды.

Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук банкы электрондук акчалар жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул өзгөртүүлөр электрондук каражаттарды сактоодогу, капчыктарды толуктоодогу ар кандай мүчүлүштүктөрдүн алдын алууга жардам берет.

Жобого кирген өзгөрүүлөргө ылайык, мындан ары электрондук капчыктарды мобилдик абоненттин эсеби аркылуу толуктоого жана кайсы бир кызмат же товар үчүн төлөм жүргүзүүгө тыюу салат.

Электрондук капчыктарды банктагы эсеп аркылуу, банкта эсеп ачпастан акча которуу жана терминалдар аркылуу толуктаса болот.

Бул жободогу өзгөрүүлөр, токтом чыккан соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

"Белгилей кетсек, буга чейинки иштеп жаткан бардык электрондук капчыктар жана ага байланышкан операциялар керектөөчүлөргө аталган токтом күчүнө кирмейинче иштей берет. Токтом күчүнө киргиче уюлдук байланыш операторлору электрондук капчыктардын ээлери жана балансында калган каражаттары менен тийиштүү иштерди алып барышы зарыл", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Topchubai
2018-02-26 12:03:27
Ушул эле калды эле силер тыйбаган.Эл жыргап калды эле электро энергияга,комуналдык толомдорду уйдо эле отуруп толуктачу,эми силерге акча тушпой калганда ушул кадамга бардынарбы?Силердин бул кылганынарга тукурдум.
+8
stal.ks
2018-02-26 12:08:24
элсом иштей береби?
-4
Topchubai
2018-02-26 12:15:17
stal.ks,Аны дагы жок кылат баары бир бир кун.
+5
salfego
2018-02-26 13:04:22
stal.ks,иштей берет, банктык капчыктар иштей берет
0
altyn7776
2018-02-26 12:08:35
Таза мээси айланды го бу окмоттун...Бул эмне деген шермендечилик? Бардык мамлекеттерде журуп жаткан операциялар кыргызга иштебей калат деген бул бир мекеменин монополиясы да. Арканды алыс таштаганды качан уйронобуз, мурдунан алысты коро албаган чиновниктер?
+5
Topchubai
2018-02-26 12:14:06
Буларга тушуп турса тим коёт,а эгер сол чонтогуно тушпой калса,ар нерсени айтып,оздоруно тушо тургандай кылып алат.Шерменде бул кылыгынар НАЦ Банк!
+7
taku1414
2018-02-26 20:40:04
Банк тыйу салып озум билемдике откон го.
+1
Aznazalai
2018-02-27 00:08:20
Мобильник деньги дагы иштебей калабы
0
adjo_krsu
2018-02-27 00:19:03
Aznazalai, Бай-Түшүм банкы эл менен го деп үмүт артып турабыз....)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан