Депутат 32 миллион сом жумшалган төрт айылда суу чыкпай калганын айтып, ал үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбаганына нааразы болду

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Таалайбек Масабиров Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда 32 миллион сом жумшалган төрт айылда суу чыкпай калганын, ал үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбаганын айтты.

"Убагында 32 миллион сом Базар-Коргон районундагы 5 айыл өкмөтүн таза суу менен камсыз кылууга жумшалган. Бул долбоор ишке киргенден кийин 3 ай иштеп токтоп калган. Анткени суу өткөрүүчү түтүктөрдү казганда эрежелер сакталбагандыктан жаракалар пайда болуп иштебей калды.

Азыр ошол айылдын жашоочулары оорулардын баары суудан келип чыгып жатканын айтып, "ошол жетекчилер келип каналдагы суунун даамын татып көрсүн" деп жатышат. Эми буга жеткенибиз уят да. Үч ай иштеп токтоп калганына бирөө жооп бериши керек, жок дегенде өз капчыгынан жолго коюшу керек", - деди Масабиров.

Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин төрагасы Аскарбек Токтошев убагында чабал жасалган жумуштардан улам сууга ири каражат каралып, натыйжа чыкпай калган бир канча айыл аймактары бар экенин айтты.

"Биз берилген каражаттар туура эмес жумшалганы боюнча бир нече фактыларды аныктап, Башкы прокуратурага жибергенбиз. Алар карап, ишти иликтөө үчүн Каржы полициясына жиберген болчу. Бирок Каржы полициясы кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти деген жүйө менен ишти кыскартып койду", - деди Токтошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан