Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Коңур-Өлөң жана Көк-Сай айылдарында кичи ГЭСтин курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Тоң райондук администрациясынын өкүлү Кубаныч Касымбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, райондун аймагында өндүрүш ишканаларын ачуу, жумуш орундарын түзүү жана киреше булактарын көбөйтүү максатында райондун суу куюлмаларына инвесторлорду тартып, кичи гидро Электр станцияларын куруу пландалган.
"Коңур-Өлөң айылында учурда ГЭСтин курулуш иштери жүрүп жатат, ал жеке ишкерлерибиздин бири тарабынан каржыланды. Мындан сырткары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 270 миллион сом акча каражаты арзандатылган насыянын эсебинен алынды.
Курулушка жергиликтүү калктан 20га жакын адам убактылуу жумушка тартылган. Коңур-Өлөң кичи ГЭСинин курулуш иштери 2018-жылдын жаз айларында толук бүткөрүлүп, ишке берилет", - деди Касымбеков.
Ал белгилегендей, Көк-Сай кичи ГЭСин куруу үчүн 230 миллион сом керектелет. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 150 миллион сом акча каражаты арзандатылган насыянын эсебинен алынган.
"Калган бөлүгүн Коңур-Өлөң ГЭСин камсыздаган жеке ишкер каржылоодо. Бул ГЭСтин курулуш иштери ушул жылдын март айында толук бүткөрүлүп, ишке берилет", - деп кабарлады администрация өкүлү.