Талас облусунун Кара-Буура районунда жердеши 20 жолу бычак сайган адамдын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.
"Жабырлануучу К.К. башына, моюн жана көкүрөк бөлүктөрүнө курч бычакка окшогон нерсе менен жаракат алган. Ага атайын Бишкек шаарынан хирург чакырылып, операция жасалган. Учурда анын абалы туруктуу, жакшы десек болот", - дейт басма сөз катчы.
Айта кетсек, буга чейин Талас ОИИБинен 31 жаштагы адам 42 жаштагы эркин күрөш боюнча машыктыруучу болуп иштеп жүргөн жаранга 20 жолу бычак сайып салганын билдиришкен.