Бүгүн, 26-февралда парламент комитетинде Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация боюнча министрлигинин Химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин иши жана андан ары өнүгүүнүн келечектери жөнүндө маалымат жабык эшик артында каралып жатат.
Баяндаманы аталган департаменттин директору Жаныбек Дербишалиев жасап жатат.
Буга чейин жыйында Бишкек шаарында кол коюлган өкмөт менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, жактырылган.