Асылбек Жээнбеков кооперативдерди өнүктүрүү багытында иштер жакшы жүрбөй жатканын айтты

КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков кооперативдерди өнүктүрүү багытында иштер жакшы жүрбөй жатканын айтты. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин 26-февралдагы жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, "Кооперативдер жөнүндө" мыйзам кабыл алуу кечиктирилип жатат. "Мурдагыдай эле систем болуп жатат. Кагаз жүзүндө кооперативдер көп болгону менен иш боюнча колхоз, совхоздордой болуп кала берет. Анда Жогорку Кеңеш, министрлик, өкмөт кооператив багытындагы жүргүзүп жаткан иштердин натыйжасын көрбөй калабыз. Ошондуктан кооперативдин так аныктамасы мыйзам долбоордун экинчи окуусунда камтылышы керек. Кооперативдерди түзүүгө жергиликтүү бийлик да, муниципиалдык бийлик да катышуулары зарыл. Биз ошондой иш жүргүзгөнгө мыйзамдар аркылуу уруксат беришибиз керек", - деди Асылбек Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан