"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кара-Суудагы "Туратали" базарынын жетекчиси: "Көлчүк болуп жаткан жерлер базардын аймагына кирбейт"

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы "Туратали" базарынын абалы жакшы, үстү жабык болгондуктан соода орундарынын ортосундагы өтмөктөр көлчүк болбойт. Мындай билдирүүнү SUPER.KG порталына Кара-Суудагы "Туратали" базарынын жетекчиси Манас Усенов кабарлады.

Анын айтымында, Кара-Суу районундагы базардын жалпы аянты 22 гектарды түзүп, 32 бөлүккө бөлүнөт.

Буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына окурман "Туратали" базарынын абалы начар, жамгыр жааганда эл баткактан баса албай калат", - деген билдирүүнү жөнөтүп, сүрөттөрү менен бөлүшкөн.

"Сүрөттөр "Туратали" базарынын ичинен тартылган эмес. Биздин базардын үстү жабык. "Тазалык" муниципалдык мекемесинин 18 кызматкери саат 16:00дөн кийин тазалап, таштандыларды алып чыгып турушат. Бул сүрөттөгү базарды "жайылма базары" деп атап коёбуз. Буларга тыюу салынса да, кайра эле ошол жерге келип, соода кыла беришет. Ал аймак жеке менчикке карайт. Бирок ошондой болгон күндө да ал базардын жетекчилиги шарт түзүп берүүгө милдеттүү", - дейт Усенов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
shankol88
2018-02-28 14:16:04
Эптеп бирине бири оодарып ким көп акча берсе ошол суудан курук чыгат баарибир адилетүү текшерүү болбойт гоо...
+5
ady-88
2018-02-28 14:19:49
Туратали базары азыр кимге карайт. Мурда Баяман агабызга карачу
0
gul3ina
2018-02-28 17:54:02
Бизге кирбейт деп эле талтайып жата беришет.Аракет кылып ондосонор болот да
0
JaneEr
2018-02-28 18:46:28
Саламатсыздарбы супер.Биз жазган Ош шаарындагы Мелис Мырзакматов салган жабык копуро тууралуу маалымат келбедиго элдик кабардан.Жооп кутобуз.Жол ачылышын каалайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан